Булак
Булак, башат, кайнар – жер астынан өзү агып чыккан суу; жер астындагы суулардын жердин үстүнө же жер үстүндөгү суунун (агын суунун, саздын, көлмөнүн, көлдүн, деңиздин) түбүнө концентрацияланып чыгышы. Булак ар кандай көрсөткүчтөрү жана касиеттери, ошондой эле ошонун ичинде пайда болушу, дебити, жер үстүнө чыгуу шарттары, туруктуулугу, химиялык курамы, температурасы боюнча бир топ түргө бөлүнөт. Гидродинамикалык касиеттери боюнча «атырылып чыгуучу» жана «агып чыгуучу» болуп экиге бөлүнөт; химиялык курамы боюнча тузсуз жана туздуу сууларга; температурасы боюнча кайнаган, гипертермалдуу, термалдуу, субтермалдуу же жылуу, муздак, өтө муздак, муздуу, терс температурадагы болуп бөлүнөт. Айрыкча тоо тектердин жаракаларынан жана карстардан чыккан булактын дебити жогору. Б. тоолуу аймактарда көп. Тузсуз булактан эл ичет, мал сугарылат, кээде сугат үчүн керектелет. Минералдуу жана арашан булакттын дарылык касиети бар. Кыргызстанда булактын дээрлик бардык түрү кездешет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4