FTSE 100 Index
FTSE 100 Index (Financial Times Stock Exchange Index, формалдуу эмес Footsie) — Лондон фондулук биржасынын алдыңкы индекси. Financial Times жана Лондон фондулук биржасына таандык көз карандысыз FTSE Group компаниясы тарабынан эсептелет.[1]
1984-жылдын 3-январынан тартып 1000 пункт деңгээлинен баштап эсепетеле баштаган. 1999-ж. 30-декабрында 6950,6 пункт болуп эң жогорку көрсөткүчкө жетти.[2]
Индекстин компоненттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2021-жылдын сентябрында өнөр жай товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр сектору индекстеги 11,5% салмагы менен эң ириси, андан кийин 11,3% менен финансылык сектор жана үчүнчү орунда 9,9% менен саламаттыкты сактоо сектору болгон.[3] 10 ири компания индекстин бардык катышуучуларынын жалпы рыноктук капиталдаштыруусунун 41% суммалык салмагына ээ болгон.
Тандоо критерийлери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акциялары FTSE 100 индексинин эсебинде эсептелинген компаниялар, FTSE Group тарабынан коюлган шарттарды канааттандырууга тийиш:[4]
- Лондон фондулук биржасынын тизмесине кирүүгө,
- FTSE 100 индексинин акцияларынын баасы фунт же евро менен көрсөтүлүүгө тийиш,
- белгилүү бир мамлекетке тиешелүүлүгү боюнча тесттен өтүшү керек,
- акциялары эркин жүгүртүлүп жана жогорку ликвиддүү болууга тийиш.
Индекс квартал сайын март, июнь, сентябрь жана декабрдын биринчи жумасында каралат.[5]
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Financial Times Stock Exchange Group (FTSE). investopedia.com. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2022.
- ↑ Why the FTSE 100 has hit a record high. theguardian.com. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2022.
- ↑ Brokers for Trading Indices Guide. comparebrokers.co. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2022.
- ↑ FTSE Indices. corporatefinanceinstitute.com. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2022.
- ↑ MiniFutures FTSE 100. borsaitaliana.it. Текшерилген күнү 17 -январь (үчтүн айы) 2022.