Ингаляция
Ингаляция — табигый (тоонун ион менен озонго бай, деңиздин тузга жана нымга каныккан, ийне жалбырактуу токойдун бальзамдуу бууга жана озонго бай абасы) жана атайын аппараттардын (ингаляторлор) жардамы менен дем алуу. Абдан майдаланган дары заттар буунун же кысылган абанын агымы менен ингаляторлордон оорулуунун дем алуу жолдоруна кирет. Ингаляция дарыгердин көрсөтмөсү менен гана мурун-колко, кекиртек, бронх, өпкө жана башка ооруларын дарылоо жана алдын алуу үчүн колдонулат.
Жекече пайдалануу үчүн ар кандай конструкциядагы портативдүү чөнтөк ингаляторлору чыгарылат, алардын айрымдары («Астмапент», «Ингалипт», «Ингакамф») даяр дары аралашмасы менен толтурулган, башкаларында (мисалы, Махольда ингаляторунда) чачыраткычы болуп, пайдаланар алдында керектүү дары аралашмасы менен толтурулат. Ингаляцияны 1 — 3 минутадан күнүнө 3—5 жолу жасоо керек. Жогорку дем алуу жолдорунун тамакты кургаткан айрым оорусунда буулоочу И-ны үйдөн (врачтын көрсөтмөсү менен) жасоого болот. Мискейде кайнап жаткан сууга дарыгер белгилеген дары заттарын кошуп жасоо керек. Мисалы, 5—10 тамчы йод же 5 тамчы нашатырь спиртинин тундурмасы, эвкалиптин 1—2 кашык майдаланган жалбырагы, хвоя экстрактынын ныкталган брикетинен бир кесим, ментол же камфора спиртинен 10—15 тамчы, жарым же бир чай кашык ментол, тимол, эвкалипт кошулат. Сарымсак же пияздын бир чай кашык маңызын (ал үчүн сарымсак же пиязды сүргүчкө сүртүп, үч кат дакиден сыгып алат) кошсо да болот. Кабыгы менен бышырылган картошка буусу менен дем алуу да пайдалуу. И. үчүн калың кагаздан түтүк жасап, анын кенен жагын мискейди каратып, кууш жагынан дем алыш керек. Кээде түтүксүз деле сүлгү же шейшеп менен башты чүмкөп алып дем алса да болот. И. 1—3 минутага созулат. Балдарга Ингаляцияны мискейден эмес, чайнектен же жылыткычта жасоо (чоң кишилердин көзөмөлүндө) оң. Күйүп калуудан сактануу үчүн алардын 1/3 бөлүгүнө суу куюп, чайнек катуу, тегиз жерге (мисалы, столдо) коюлат. Буу менен бала дем алуу үчүн чайнектин чоргосуна кесилген упчу же резина түтүк кийгизилет. Көп кишиге (мисалы, химиялык жана цемент заводдорунун жумушчулары, шахтёрлор) И. массалык түрдө атайын ингаляторийлерде жүргүзүлөт.
Дагы кара
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8