[go: up one dir, main page]

Мазмунга өтүү

Гөтеборг

Википедия дан
Гётеборг.

Гётеборг, Йетеборг Швециянын түштүкбатышындагы шаар. Гёта-Эльв дарыясы Каттегат кысыгына куйган жерде жайгашкан порт (жылына 25 млн т жүк ташылат). Гётеборг-Бохус ленинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 454 миң (1997; шаар айланасы менен 700 миңден ашык). Өлкөдөгү чоңдугу боюнча 2-шаар. Швециянын Батыш Европага жана Атлантика океанына чыккан деңиз дарбазасы. Кеме, автомобиль куруу, подшипниктер, нефть ажыратуу, нефть-химиялык өнөр-жай ишканалары иштейт. Университет, чоң театр (1859), деңиз, сүрөт, археологиялык, этнография, тарых музейлери бар. 17-кылымдын башында негизделген. Собор (классицизм стилиндеги, 1802-15), форттор, ратуша (17-19-к.), Ост-Индия компаниясынын имараты (1740-жылдар чен) сакталган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]